20:01, 19 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жаш жоокерлердин сабалышы: Аскер кызматкерлери жана командир кызматынан четтетилди

На русском
09:30, 18 теке 2019 110
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Куралдуу күчтөрдүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн биринде аскер кызматкерлери жана дивизиондун командири кызматынан четтетилди. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин күч түзүмдөрүндөгү булактар аркылуу 9 ай бою ага лейтенант жана старшина жоокерлерди сабашканы маалым болгон. Ошондой эле жетекчилик штабдын башчысы Ж.К.ны чет өлкөгө окууга жөнөтүү чечимин жокко чыгарган.

«Аталган окуя боюнча териштирүү иштери Башкы штабдын жетекчилигинин көзөмөлүндө. Териштирүү жыйынтыкталгандан кийин материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Башкы штабдын басма сөз кызматы аскер бөлүктөрдүн бириндеги окуя боюнча кызматтык териштирүү башталганын билдирген болчу.

Булактардын айтымында, окуя Бишкектеги зениттик-ракета бригадасында болгон. Жабырлануучулар — 2018-жылы аскерге чакырылган жоокерлер. Айрым маалыматтар боюнча, аларды союл (дубинка) менен сабашкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком