01:52, 18 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

12 жыл издөөдө жүргөн өзбекстандык кримтөбөл акталып, Ташкентке кайтып барды

На русском
10:38, 17 теке 2019 596

Баракелде -  Белгилүү өзбекстандык кримтөбөл Гафур Рахимовдун тууганы Равшан Мухиддинов 11-июлда Өзбекстанга кайтып барды. Бул тууралуу «Сentralasian.org» басылмасы билдирди.

Равшан Мухиддиновдун атасы Баходир Мухиддинов бул маалыматты тастыктады. Мухиддинов оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталып, 12 жыл бою эл аралык издөөдө жүргөн. Ошондой эле Стамбул менен Дубай шаарларындагы түрмөдө отуруп чыккан.

Равшан Мухиддинов Ташкентке кайтып барганга чейин Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тарабынан изделип жаткан адамдардын тизмесинен анын ысымы алынган. 2007-жылы ал 18 жашында Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 242-беренеси (кылмыштуу топту уюштуруу) боюнча эл аралык издөөгө алынган.

Анын 58 жаштагы атасынын айтымында, ушул жылдын апрель айында ал президент Шавкат Мирзиёевго уулуна карата козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгууну өтүнгөн. Ал өлкө башчыга кайрылгандан 2 ай өткөндөн кийин Ташкент шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын тергөөчүлөрү аны менен байланышкан. Алар Равшан издөөдөн алынгандыгын ал эми ага козголгон кылмыш иштин материалдары кайра карап чыгууга жөнөтүлгөнүн айтышкан.

«Кылмыш иштин материалдарын карап чыгышты. Балам өлкөгө кайтып келди. Ага коюлган айыптоолор тастыкталган жок. Бардык айыптоолор алынды. Бул иш жабылды», - деди Баходир Мухиддинов.

2009-жылдын сентябрь айында эл аралык издөөгө алынган Равшан Мухиддинов Интерпол аркылуу Стамбулдагы «Ататүрк» эл аралык аэропортунан кармалган. Өзбек тараптан ага коюлган айыптоолор тастыкталбагандан кийин ал бошотулган.

Бирок 2013-жылы октябрь айында ал өзбек бийлигинин өтүнүчү менен Бириккен Араб Эмираттарында кармалып, Дубайдагы «Аль-Авир» түрмөсүнө 2 айга камалган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком