06:02, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Балдар үйүндөгү 14 жаштагы өспүрүм тарбиячылар сабагандыктан качып кеткен, - Кыйноолорду алдын алуу борбору

На русском
08:50, 17 теке 2019 110

Баракелде -  14 жаштагы өспүрүм тарбиячылар сабагандыктан балдар үйүнөн качып кетип, бир нече күн Кара-Жыгач токоюнда жашаган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Борборго Чүй облусундагы балдар үйүнүн 14 жаштагы тарбиялануучусу кайрылган. Анын айтымында, интернаттан 3-июлда качып кеткен. Ал жолдогу унаалардын бирине отуруп, апасына жеткирип коюуну суранган. Бирок үйүнө барса эч ким болгон эмес.

«Өспүрүм Кара-Жыгач токоюнда 8-июлга чейин жашаган. Аны аталган балдар үйүнүн мурунку тарбиялануучусу тапкан. Ал баланы бизге алып келди. Өспүрүмдүн айтымында, аны тарбиячылар коридорго алып чыгып сабашкан. Ал директорго даттанууга аракет жасап, бирок жыйынтык чыккан эмес. Ал башка интернатка которууну суранып жатат», - деди Н.Сулайманов.

Нурдин Сулаймановдун айтымында, «Балдардын укугун коргоо лигасы» фондунун директору Назгүл Турдубекова өспүрмдү Балдарды реабилитациялоо жана жаштар борборуна которуу иштери менен алектенип жатат.

«Эмне үчүн аталган балдар үйүнүн администрациясы өспүрүмдү издебей жатканы кызык», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком