06:01, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектеги 12 көчөдө кайрадан оңдоо иштери жүрүп жатат

21:30, 16 теке 2019 29
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарындагы 12 көчөдө кайра оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул жолдорду оңдоо иштерине Кытай Эл Республикасынын гранты бөлүнүп, бирок сапаты талапка ылайык келген эмес, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Биринчи фаза менен борбордогу 46 жол жасалган. Жумуштун негизги бөлүгү 2018-жылы күзүндө аяктап, подрядчылар кепилдик беришкен. Келишим боюнча кемчиликтер 2 жыл бою подрядчылардын көзөмөлүндө болуп, кайра оңдоо талап кылынган учурда алардын каражаты сарпталат.

Ушул жылдын жаз мезгилинде былтыр оңдолгон жолдорго байланыштуу инженерлер жана жергиликтүү жетекчилерден турган комиссиянын талабы менен акт түзүлгөн. Эми подрядчы тарабынан оңдоо иштери аяктаганда комиссия кайрадан сапатын текшерет.

«Көпчүлүк учурда бордюрлар кулап, жол кырсыгынан улам жол белгилери ийилип, арыктар сапатсыз болуп, тротуарлар чөгүп кеткен», - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком