21:24, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте айрым кичи автобустардын маршруту убактылуу өзгөрдү

На русском
15:09, 16 теке 2019 105

Баракелде -  Бишкек шаарындагы айрым кичи автобустардын маршруту убактылуу өзгөрдү. Бул Токтогул көчөсүнүн Исановдон баштап Үмөталиевге чейинки тилкесиндеги оңдоо иштерине байланыштуу, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Маршруту убактылуу өзгөргөн кичи автобустар: №222, 102, 195, 200, 110, 210, 266.

- №222 кичи автобус Киев көчөсү боюнча Шопоков көчөсүнөн баштап Жаш гвардия бульварына чейин каттайт;

- №102, 195 кичи автобустар Москва көчөсү боюнча Манас проспектисинен баштап Үмөталиев көчөсүнө чейин каттайт;

- №200 кичи автобус Киев көчөсү боюнча (эки багыт) Манас проспектисинен баштап Бейшеналиева көчөсүнө чейин каттайт;

- №110, 210 кичи автобустар Киев көчөсү боюнча батыш тарапка каттайт;

- №266 кичи автобус Киев көчөсү боюнча Манас проспектисинен баштап Бейшеналиева көчөсүнө чейин каттайт.

Аталган кичи автобустар жол оңдоо иштери аяктагандан кийин мурунку маршруту боюнча каттап баштайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком