22:30, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмү: Маркумдун эмгеги үчүн сыйлык тапшырууну суранышты

На русском
14:25, 16 теке 2019 118
Камчыбек Каримов
Камчыбек Каримов

Баракелде -  Свердлов облусундагы улуттук-маданий бирикмелердин ассоциациясы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кат жолдошту. Алар киши колдуу болуп каза болгон кыргызстандык ишкер, кыргыз диаспорасынын мурунку башчысы Камчыбек Каримовго сыйлык тапшырууну суранышат. Бул тууралуу «Комсомольская правда» басылмасы жазды.

Эскерүүлөрдө ишкер коомдук иштерге активдүү катышып, мекендештерин колдоп, көп улуттуу жашоочулардын кызматында болгонун айтышууда.

«Камчыбек Каримов мыкаачылык менен көз жумду. Свердлов облусунун көп улуттуу эли кайгырып жатат. Күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз», - деп айтылат катта.

-----------------------------------------

Екатеринбург шаарында ок тийип көз жумган Камчыбек Каримовдун денеси 4-июль күнү кечинде Екатеринбург—Ош каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлүп, эртеси Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жерге берилген.
Кол салгандар маркумдун курсагына жана бутуна ок атышкан. Анын жансыз денеси 2-июль күнү Калинин көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанынан табылган.
Болжолдуу маалымат боюнча, окуя болгон жерден акча салынган баштык (сумка) да табылган. Каримов окуя болгонго чейин кара түстөгү «Фольксваген Туарег» унаасы менен аталган үйдүн короосуна кирип кеткен. Унаа 3-4 ай мурун сатылып алынып, бирок жаңы ээсине катталбаганын булактар билдиришти.

К.Каримовго кол салган учур камерага түшүп калган:
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком