07:46, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Арызданган турист жана башкармалыктын жообу

На русском
13:45, 16 теке 2019 77

Баракелде -  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы жол тескөөчүлөргө нааразы болгон туристтин арызына жооп берди.

«Аталган факты боюнча текшерүү жүргүзүлдү. 13-июлда саат 17:43тө Ош—Алай—Эркештам унаа жолунун 55-чакырымында Ош ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору А.Ж. жогорку ылдамдыкта бара жаткан «Тойота-Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну максималдуу ылдамдыкка чек коюу аймагында унааны саатына 75 чакырым ылдамдык менен башкарып бара жаткан.

Ал эми айдоочуга жол эрежесин бузуу тууралуу протокол түзүлгөн. Протокол түзүү жумушу болжол менен 5-6 мүнөткө созулган. Бул убакта жүргүнчүлөр айдоочуну унаанын ичинде күтүп отурушкан. Аталган протокол Бузуулардын бирдиктүү реестрине катталды», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком