18:51, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

На русскомEnglish
11:51, 16 теке 2019 45

Баракелде -  Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек участокторунун сызыгын чийүү боюнча сунуштарды талкуулашты. Жолугушууда Баткен облусунун Баткен районундагы айрым мамлекеттик чек ара участокторун биргелешип текшерүү жөнүндө макулдашылды», - деп айтылат маалыматта.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында боло турганы пландаштырылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком