03:48, 20 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өкмөт үйүнүн алдына жерин кайтарып берүүнү талап кылгандар чогулду

На русском
11:19, 16 теке 2019 99

Баракелде -  Бүгүн, 16-июлда өкмөттүн имаратынын алдына 20 чакты адам чогулду. Алар Лесное айылындагы жер тилкелерге документ берүү маселеси боюнча бийликтен жооп күтүп жатышат.

Алардын айтымында, 2009-жылы Сокулук районунун Семетей конушундагы жерге кызыл китеп алышкан. Бирок бир нече убакыттан кийин бул аймак «Манас» аэропортуна өткөрүлүп берилген.

«Анын ордуна өкмөт бизге Лесное айылынан жер бөлүп берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин документ бере элек. Биз курулуш иштерин баштай албай жатабыз. Биз ал жерди басып алган жокпуз, мыйзамды бузган жокпуз. Биз болгону өзүбүздүн жерди кайтарып берүүнү суранабыз», - дешти алар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком