04:44, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20202510 Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы
21:19, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020167 Юрий Краковецкий Израилдеги турнирде 7-орунга ээ болду
21:05, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201283 Панфиловдогу арыктын «картасын» түшүргөн эшек
20:07, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201282 Сокулуктагы ооруканада дарыгерлер мушташты
19:59, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020687 Россияда кыргызстандык мигранттар кармалды
Учурда окулуп жатат
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (2 адам окуп жатат)
Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы
15:03, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (1 адам окуп жатат)
Ырчы Бактияр Токторов 50 жашында кыздуу болду
20:07, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (1 адам окуп жатат)
Сокулуктагы ооруканада дарыгерлер мушташты
13:43, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (1 адам окуп жатат)
Сүрөт — Ош шаарынын 2020-жылдагы бюджети бекитилди

Алматанын көп аймагында электр энергиясы өчтү

На русском
17:12, Теке айынын он беши, 2019 106
фото: bnews.kz
фото: bnews.kz

Баракелде -  Казакстандын Алмата шаарында электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурады. Саат 14:00дөн баштап Алматада жарык өчүрүлгөнүн «Информбюро» басылмасы билдирди.

Жарык бир гана электр кубатын өндүрүүчү генератор менен камсыз болгон имараттарда бар. Ошондой эле аталган басылманын кабарчысы көчөлөрдө жол чырактар иштебей, кесилиштерде баш аламандык башталганын билдирди.

«Патрулдук полициянын кызматкерлери биринчи кезекте борбордук көчөлөрдү, андан кийин экинчи даражадагы көчөлөрдү жапты. Көчөдөгү кыймылды көзөмөлдөөгө 400 жол тескөөчү тартылды. Абал туруктуу, жол кырсык катталган жок», - деди полиция департаментинин өкүлү Салтанат Азирбек.

Саламаттыкты сактоо башкармалыгынан билдиргендей, медициналык мекемелерде дагы жарык берүү үзгүлтүккө учураган. Бирок операциялык жана жандандыруу бөлүмдөрүндө иш токтогон эмес.

Алматада метро саат 15:00дөн баштап иштебей калган. «Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн метрополитен өчүрүлдү», - деп айтылат метронун басма сөз кызматында. Ал эми аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

«Жылуулук энерго комплекс» ишканасынын расмий өкүлү Ян Гирин электр энергиянын генерациясында көйгөй жаралганын билдирди. Анын айтымында, учурда айрым райондорго резервдик система аркылуу жарык берилип, авариялык бригадалар иштеп жатат.

Министрликтин расмий өкүлү Женисбек Нурлыбек бул кырдаал ЖЭБ-2, ЖЭБ-3 жана Капшагай шаарындагы гидроэлектр станцияга таасирин тийгизгенин билдирди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком