05:57, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Чоң Чүй каналынын жээгинен табылган адамдын аты-жөнү аныкталды

На русском
15:24, 13 теке 2019 214
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Новопавловка айылында Чоң Чүй каналынын жээгинен жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнү аныкталды. Аны туугандары тааныганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Муркум — 1957-жылы туулган У.А. Бишкек шаарында жашап жаткан. Ал 2019-жылдын 24-июнунда агасынын Бишкектеги үйүнөн чыгып, өзүнүн Кашка-Суу айылында жайгашкан дачасына бара турганын айткан.

Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, 26-июнда саат 13:00 чамасында Сокулук РИИБдин тергөө башкармалыгына телефон чалуу болуп, 55-60 жаштар чамасындагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин денеси табылганы маалымдалган. Алдын ала текшерүүдө анын денесинде зордук-зомбулуктун белгиси табылган эмес. Андан бери милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн аныктоо иштерин жүргүзүп, жарандардан да жардам сурашкан болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком