10:04, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:33, жетинин айы 21 2019 (5 адам окуп жатат)
Ошто айдоочу жаш жубайынын колунан ажал тапты

Видео — «Коопсуз шаардын» камерасына кол салган мас айдоочу

На русском
13:00, 12 теке 2019 299

Баракелде -  Мас айдоочу «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык-программалык комплексти сүзүп кетүүгө аракет кылды. Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Бүгүн, 12-июлда болжол менен саат 10:00 чамасында айланма жолдун 26-чакырымында белгисиз айдоочу жабдыктын түркүгүн сүзүүгө аракет кылган. Андан кийин айдоочу «Форд Сиера» үлгүсүндөгү унаа менен качып кеткен.

Кийинчерээк Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган А.А. аттуу тургун кармалган. Ал унааны айдоочулук күбөлүксүз мас абалда башкарып жүргөн.

Автоунаа айып короого киргизилип, айдоочуга жол эрежесин бузуу тууралуу протокол түзүлдү. Ал эми чогулган материалдар Ысык-Ата РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлдү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком