11:11, 19 аяк оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Милиция суу жээктен табылган эркек кишинин аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт

На русском
12:21, 12 теке 2019 285
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Новопавловка айылынын аймагынан — Чоң Чүй каналынын жээгинен жансыз денеси табылган эркек кишинин өздүгү аныктала элек. Анын аты-жөнүн билүү үчүн милиция кызматкерлери жарандардан жардам сурашат.

Чүй ОИИБдин маалыматы боюнча, 26-июнда саат 13:00 чамасында Сокулук РИИБдин тергөө башкармалыгына телефон чалуу болуп, 55-60 жаштар чамасындагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин денеси табылганы маалымдалган. Алдын ала текшерүүдө анын денесинде зордук-зомбулуктун белгиси табылган эмес.

Бою: 155-160 см чамалуу, арык чырай, чачы кыска жана күрөң.

Кийимдери: көк сызыкчалары бар ак көйнөк, «Адидас» деген жазуусу бар кара түстөгү спорттук костюм, кара шым, кара түстөгү спорттук бут кийим. Мойнунан металл ачкыч тагылган 1 мм жип табылган.

Сокулук РИИБ менен байланыш номуру: 0 (312) 60-75-67, 0 (312) 60-75-13, 0 (709) 88-07-31.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком