03:35, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкек—Торугарт жолунда унаа жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти

На русском
12:03, 12 теке 2019 599

Баракелде -  Бишкек — Торугарт айланма жолунда унаа сүзгөн адам көз жумду. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Жол кырсык 12-июлда болжол менен саат 01:30 чамасында болгон. Кант шаарына бара жаткан «Гольф-3» үлгүсүндөгү унаа болжол менен 40-45 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Анын кесепетинен оор жаракат алган жөө жүргүнчү каза болуп, учурда өздүгү такталып жатат.

Аталган маалыматты Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты. Чогулган материалдар Ысык-Ата РИИБге жөнөтүлгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком