10:02, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дубайда спирт ичимдигин каалаган туристтерге 30 күндүк уруксат акысыз берилди

На русском
11:20, 12 теке 2019 151

Баракелде -  Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарына барган чет элдик туристтер спирт ичимдигин колдонууга 30 күндүк уруксатты акысыз алышат. Спирт ичимдигин сатып алууну каалагандар 21 жаштан жогору болушу керектигин «Khaleej Times» басылмасы билдирди.

«Туристтер спирт ичимдигин колдонууга уруксат алышы үчүн арыз бериши керек. «Maritime and Mercantile International» дүкөнүнө паспорту менен барып, атайын кагаз толтурат. Ошондой эле туристтер дүкөнгө өзүнүн паспорту менен визасынын көчүрмөсүн таштап, колуна спирт ичимдигин колдонуу эрежесин алат», - деп айтылат маалыматта.

Дубайда спирт ичимдиктери ачык сатылбайт. Буга чейин туристтер аларды барлардан, ресторандардан жана мейманканалардан гана сатып алышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком