03:35, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Спорт агенттигинин коллегиясынын курамы өзгөрдү. Тизме

На русском
11:13, 12 теке 2019 108
Даулет Досалиев
Даулет Досалиев

Баракелде -  Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси Даулет Досалиев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коллегиясынын курамына киргизилди. Тиешелүү буйрукка 5-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Ал эми Саламат Эргешов коллегиянын курамынан чыгарылды.

Коллегиянын курамына киргендердин тизмеси:

- Ибраимов Эржигит Мырзабаевич — Президенттик аппараттын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;

- Иманалиев Токтобек Тыбынович — Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору;

- Касымов Камчыбек — «Республикалык тогуз коргоол федерациясы» коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);

- Капаров Абдыжапар Капарович — Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы;

- Мадалиев Торокул Мамажакыпович — ИИМдин физикалык даярдоо боюнча бөлүм башчысы, «Динамо» коомдук бирикмесинин төрагасынын биринчи орун басары;

- Калыбаева Элнура Камчыбековна — «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);

- Досалиев Даулет Болотханович — Бишкек мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгынын жетекчиси (макулдашуу боюнча).

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком