23:22, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Маевкада 63 бала тыюу салынган жерлерге сууга түшкөн

На русском
10:05, 12 теке 2019 56
// Пресс-служба ГУВД Чуйской области

Баракелде -  Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылында 63 бала сууга түшүүгө тыюу салынган жерлерде ата-энесинин көзөмөлүсүз сууга түшүшкөн. Бул тууралуу Чүй РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Аламүдүн ОИИБдин балдар менен иштеген инспекциясынын кызматкерлери менен социалдык кызматкелер 11-июлда биргеликте «Жаш өспүрүм-жай» аталышындагы рейд өткөрүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө чоңдордун көзөмөлүсүз көлмөлөргө түшүп жаткан 63 бала аныкталды.

«Инспекторлор аларды үйлөрүнө узатып, 15 ата-эне менен сууга түшүүгө тыюу салынган жерлер жана коопсуздук чаралар тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле профилактикалык тизмеде турган үй-бүлөлөр текшерилди. Маевка, Лесхоз жана Теңдик айылдарында аз камсыз болгон беш үй-бүлө жашайт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком