03:34, 18 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү премьер-министрдин энчилүү сааты менен сыйланды

На русскомEnglish
09:46, 12 теке 2019 106
// Пресс-служба правительства

Баракелде -  БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо премьер-министрдин энчилүү сааты менен сыйланды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Балдарды коргоо системасын жакшыртуу боюнча социалдык программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргызстан менен БУУнун Балдар фондунун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн премьер-министрдин атынан Кыргыз Республикасынын баалуу белеги (энчилүү саат) менен БУУнун Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо сыйлансын», - деп айтылат маалыматта.

Юкиэ Мокуо БУУнун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 2014-жылдын июнь айынан бери жетектеп келет. Ал пландоо, координациялоо жана ЮНИСЕФтин программаларын баалоо, Кыргызстандагы балдар жана аялдардын абалын жакшыртуу иштерине жооптуу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком