23:21, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков жолугушту

На русскомEnglish
20:12, 11 теке 2019 700

Баракелде -  Кремлде Россиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусу болду. С.Жээнбеков Москвага кыска мөөнөттүү иш сапары менен бүгүн, 11-июлда барган.

Жолугушуу саат 19:45де (Москва шаарынын убактысы боюнча саат 16:45) болгонун Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.

"Урматтуу Сооронбай Шарипович, Сизди көргөнүмө кубанычтамын. Эки тараптын ортосундагы мамилелер, анын ичинде интеграция маселелери тууралуу сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк тапканыңызга кубанычтамын. Кош келиңиз", - деди В.Путин.

"Урматтуу Владимир Владимирович! Жолугушуп, эки тараптын кызматташтыгын талкуулоого мүмкүнчүлүк бергениңизге сизге ыраазычылык билдирем. Белгилеп кетсем, эки өлкөнүн мамилелери, кызматташтыгы өркүндөп жатат. Сиздин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарыңыз ийгиликтүү жана жемиштүү болгонун өзгөчө белгилеп кетейин. Сиздин колдооңуз менен 6 млрд долларлык 50 макулдашууга кол коюлду. 18 регион катышкан региондор аралык сегизинчи конференция ийгиликтүү өттү. Сиздин колдооңуз менен Кыргыз-орус фонду натыйжалуу иштеп жатат. Фонд биздин өлкөнүн адаптациясы үчүн Евразиялык экономикалык союзга 200 млн доллар бөлдү. Россия федерациясы көрсөткөн колдоону биз баалайбыз. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги сессиясына катышуу үчүн сизди Кыргызстанда күтөбүз. Жылуу кабыл алганыңызга рахмат", - деди С.Жээнбеков.

С.Жээнбеков 9-июлда расмий иш сапары менен Швейцарияга учуп кеткен болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком