05:53, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Бишкектиктер жайдын аптабынан кантип коргонуп жатышат?

На русском
20:07, 11 теке 2019 187

Баракелде -  Синоптиктердин маалыматына караганда, Бишкекте эртең, 12-июлда абанын температурасы +38 градуска жетет.

Мындай жайдын аптабынан коргонуу үчүн айрым шаар тургундары Ысык-Көлдө, кээ бири жайлоодо эс алып жүрүшөт. Көчөлөрдө адамдар азайып, сейил бактар бошоп, өспүрүм балдар оргуманын жанына чогулушат.

Бүгүн болжол менен саат 16:00 чамасында «Ала-Тоо» аянтында жайгашкан оргумага эки жүздөй өспүрүм жана жаш балдар ата-энелери менен чогулду. Алардын көпчүлүгү оргумадагы сууга түшсө, айрымдары сууга буттарын салып отурушту.

Бирок 20 мүнөттөн кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкери алардын эс алуусун бузду. Муниципалдык оргумаларга сууга түшүүгө тыюу салынгандыктан ал эс алуучуларды сууга түшпөөгө чакырды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком