23:20, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине жаңы жетекчи дайындалды

На русскомEnglish
19:16, 11 теке 2019 94

Баракелде -  Бүгүн, 11-июлда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин жамаатына жаңы жетекчи Марсбек уулу Илич тааныштырылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Департаменттин жаңы дайындалган директору Марсбек уулу Илич 1983-жылы туулган. Түркия өлкөсүнүн Анадолу университети менен Нарын мамлекеттик университетин аяктаган.

Буга чейин Нарын облустук администрациясында, 2014-2019-жылдары Өкмөттүн аппаратынын эксперти болуп эмгектенген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком