23:15, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Мамкаттоо кызматынын статс-катчысы жумуштан алынабы? Мамлекеттик кадр кызматынын жообу

На русском
18:25, 11 теке 2019 68
Данияр Бакчиев
Данияр Бакчиев

Баракелде -  Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев соттун чечими менен кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев билдирди.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов: «Данияр Бакчиевди кызматынан бошотуу маселесин Мамлекеттик кадр кызматы чечет. Анын орду азырынча бош», - деген.

Бирок Бакытбек Сагынбаев статс-катчынын орду бош эмес экенин билдирди. «Бакчиев соттун чечими менен кызматынан бошотулду. Соттун чечимин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш кабыл алды», - деди ал.

Сагынбаев билдиргендей, соттук териштирүү аяктаганга чейин статс-катчынын милдетин аткаруучуну дайындаса болот. Эгерде кеңешке Мамлекеттик каттоо кызматынан жаңы талапкер көрсөтүлүп, өкмөт тарабынан сунушталса кеңеш аны статс-катчынын милдетин аткаруучу кылып дайындайт. Ал эми сот Бакчиевдин пайдасына чечим чыгарса ал кызматын улантууга укуктуу болот.

Ал эми Алмаз Мамбетов статс-катчынын ордуна ылайыктуу талапкер жок экенин айтты. «Мыйзам боюнча статс-катчынын бош ордун Мамлекеттик каттоо кызматында эмгектенген адам ээлей алат», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком