23:16, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ысык-Атадагы мечиттен акча уурдап кеткен шектүүлөр изделип жатат

17:38, 11 теке 2019 87

Баракелде -  Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Ысык-Ата районунун Милянфан айылындагы мечиттеги уурулук боюнча билдирүү таратты. Буга чейин кайыр-садага кутусундагы акчаны уурдап кетишкени маалым болгон.

Кечээ, 10-июлда Ысык-Ата РИИБге мечиттеги уурулук боюнча билдирүү келип түшкөн. Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Ыкчам топ окуя болгон жерге барып, күбөлөр суралып, камерадагы видео каралды. Тергөөнүн жүрүшүндө эки белгисиз адам саат 15:00-16:00 чамасында "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа менен келип, мечиттин короосуна кирип кетишкени аныкталган. Алар кутунун кулпусун бузуп, акчаларды алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Учурда келтирилген чыгым такталып, шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат. Издөө иштерине Ысык-Ата РИИБдин өздүк курамы тартылып, алар ОИИБдин кызматкерлери менен иштешип жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чүйдөгү Ысык-Ата районунун Милянфан айылында жайгашкан мечитте кайыр-садага кутусундагы акчаны уурдап кетишкенин «Репортерго» жергиликтүү жашоочу билдирген.

Анын айтымында, мындай окуя бир жумада эки жолу болду. Буга чейин 6-июлда эски мечиттен акча уурдап кетишкен.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком