23:15, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Боксчу Дмитрий Бивол дүйнө чемпиону Сауль Альварести беттешке чакырды

На русском
17:03, 11 теке 2019 40
Дмитрий Бивол
Дмитрий Бивол

Баракелде -  Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын (WBA) версиясы боюнча учурдагы чемпион Дмитрий Бивол мексикалык Сауль Альварести беттешке чакырды.

«Менин командам менин дивизионумдун чемпиондору — Ковалевге, Бетербиевге жана Гвоздикке сунушташкан. Бирок эч ким жооп берген жок. Биз баарыбыз жакшы мушкерлербиз. Ошондуктан келгиле, кимибиз мыкты экенибизди көрсөтөлү!

Мага жеңил салмактагы Каллум Смит менен Хильберто Рамирес менен мушташуу кызыктуу. Эгерде Альварес 14-сентябрда мушташууну кааласа мен даярмын. Мен мыкты болууга мүмкүнчүлүк берип жатам. Ошондой эле гонорарга басым жасабайм», - деди Бивол.

--------------------------------------

Буга чейин 21-июнда Дмитрий Бивол кичи мекени Токмок шаарына келип кеткен. Аны Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев иш бөлмөсүндө кабыл алган. Жолугушууда мэр спортчуга ак калпак жана чепкен кийгизип, каалоо-тилектерин айткан. Андан соң Дмитрий Бивол балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебиндеги жаш спортчулар, машыктыруучулар менен жолугушту.

Ал дал ушул мектепте тарбияланып, алгачкы ийгиликтерди жараткан. Мушкер келерде мектеп жамааты Биволдун бала кездеги сүрөттөрүн дубалдарга илип коюшкан. Аларды көргөн спортчу сүйүнгөнүн жашырган эмес. Жолугушуунун жыйынтыгында бардык каалоочулар менен эстеликке сүрөткө түшкөн.

Дмитрий Токмок шаарында төрөлүп, ушул жерде өскөн. Бокс менен алты жашынан тарта машыгып, машыктыруучу Вечеслав Шараповдун колунда тарбияланган. Учурда мушкер Россиянын Санк-Петербург шаарында жашайт.

Бивол профессионалдык рингде 16 жолу беттешип, баарында жеңүүчү болгон.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком