05:54, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Темир жолдогу кырсык: Поезд менен унаа кагышып, эки адам каза болгон

16:47, 11 теке 2019 74
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында темир жолдордо поездди шашылыш токтотуу учурлары азайды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бирок темир жолдор коркунуч жараткан аймак бойдон калууда. Буга чейин поезд менен унаа кагышып, анын кесепетинен 2 жүргүнчү каза болуп, 2 адам жаракат алган.

«Ошондой эле адамдар жолдон өтүп бара жаткандыктан 8 жолу, мал өтүп жаткандыктан 7 жолу поезддер шашылыш токтотулган. Темир жолдордогу кырсыктардын көбү адамдарга байланыштуу. Адамдар өздөрүнө арналган жерден эмес, темир жолдон өтүшөт. Мындан тышкары унаалардын көбөйүшү темир жолдогу кырсыктарга себеп болуп жатат. Көбүнчө айдоочулар жол эрежесин сактабай, жол белгилерге көңүл бурушпайт», - деп айтылат маалыматта.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Транспорт прокуратурасы жана милиция кызматкерлери менен бирге алдын алуу иштерин жүргүзүп келишет.

«Поездди дароо токтотууга мүмкүн эмес экенин түшүнүү керек», - деп айтылат билдирүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком