08:49, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020192 Абанын күндүзгү температурасы
21:13, Үчтүн айынын он тогузу, 202050 Дүйнөдөгү эң кичинекей адам 28 жашында көз жумду
Учурда окулуп жатат
08:35, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (150 адам окуп жатат)
Манасчы Сапарбек Касмамбетов көз жумду
07:00, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (20 адам окуп жатат)
Абанын күндүзгү температурасы
16:51, Үчтүн айынын он сегизи, 2020 (11 адам окуп жатат)
Аксыда катуу ылдамдыкта чана тээп бара жаткан өспүрүм кыз каза болду
17:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020 (4 адам окуп жатат)
Сүрөт — Жыл жыйынтыгы: Баткенде милициянын мыктылары аныкталды

Эртең Түркияда атылып каза болгон жигиттин денеси Кыргызстанга жеткирилет

На русском
16:33, Теке айынын он бири, 2019 154

Баракелде -  Эртең, 12-июлда Түркиянын Аланья шаарында көчөдө ок тийип каза болгон кыргызстандык 23 жаштагы жигиттин денеси Кыргызстанга жиберилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

10-июлда башкы консул Эркин Сопоков Анталья провинциясына болгон иш сапарынын алкагында тапанча менен атып өлтүрүлгөн кыргызстандык жарандын жубайы жана туугандары менен жолугушуу өткөрдү.

«Жолугушуунун жүрүшүндө Э.Сопоков Аланья шаарынын прокурору Ясин Эмре менен жолугуп, бул окуяны калыс карап чыгуу өтүнүчүн билдирди. Ошондой эле башкы консул каза болгон жаран эмгектенип жүргөн «Long Beach Hotels» мейманканасынын жетекчилиги менен жолугушту», - деп айтылат маалыматта.

Учурда башкы консулдук тарабынан маркумдун денесин Кыргызстанга жеткирүү маселеси толугу менен чечилди. Туугандары менен макулдашуунун негизинде маркумдун денеси 12-июлда жөнөтүлөрү күтүлүүдө.

-----------------------------------------------

Буга чейин Түркияда кыргызстандык жаш жигит киши колдуу болуп көз жумгандыгы маалымдалган. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, 7-июлда Аланья шаарынын аймагындагы дүкөндөн чыккан жаш жигитке тапанчадан ок атылган. Ал көп узабай каза болуп, өздүгү такталгандан кийин Кыргызстандын 1996-жылы туулган жараны М.И. экени белгилүү болгон.

Жергиликтүү полиция кызматкерлери көп узабай шектүү катары жергиликтүү 40 жаштагы жашоочуну (эркек киши) кармашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү мындай кылмыштын себебин маркум экөөнүн ортосундагы пикир келишпестик менен байланыштырган.

Аланья

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком