03:16, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Токтогулда Мамкаттоо кызматынын кызматкерлери адам өлтүрүү боюнча издөөдө жүргөндөргө жасалма паспорт даярдашкан

На русском
13:41, 11 теке 2019 167

Баракелде -  Мамлекеттик каттоо кызматы адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөндөргө жасалма паспорт даярдап берген кызматкерлерге карата кызматтык териштирүү ишин баштады.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, жүргүзүлгөн кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгы кийинчирек чыгат.

-----------------------------------------

Буга чейин Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүүгө шектелген адамдар кармалгандыгын маалымдаган. Алардын Мамкаттоо кызматынын кызматкерлери тарабынан берилген жасалма паспорт жана документтери болгон.

733818.49261d068288ce6334d18ad76555efe9

18-июнда Бишкек шаарындагы Ленин РИИБдин баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Токтогул районунда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү, эски редакция) менен изделип жаткан адамды — 1982-жылы туулган О.Р.ны колго түшүрүшкөн. Ленин райондук соту бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу чечимин кабыл алып, аталган адам 2 айга камакка киргизилген.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү О.Р. 2012-жылы издөө жарыялангандан кийин Токтогул районундагы мамкаттоонун кызматкерлеринин жардамы менен туулгандыгы тууралуу күбөлүк, үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүк жана ID-паспорт алгандыгы маалым болгон.

Аталган факт Жазык кодексинин 359-беренеси менен (документтерди жасоо) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

2019-жылы апрелде Ленин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (адам өлтүрүү, эски редакция) менен изделип жаткан адамды — 1988-жылы туулган өзбекстандык жигитти кармашкан. Анын каттоосу Чүй облусунун Чүй районунда болгон.

Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү Р.А. 2015-жылы кылмыш жасагандан кийин Мамкаттоонун жооптуу кызматкерлери тарабынан башка бирөөнүн аты-жөнү (Б.А.,1991-жылы туулган) менен жаңы паспорт алганы белгилүү болгон.

Аталган факт Жазык кодексинин 359-беренеси менен (документтердин жасалмасы) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком