04:50, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020274 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020153 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?

Жол оңдоп жаткан жумушчуну оюнчук тапанча менен башка чапкан жигит 1 айга камалды

На русском
12:27, Теке айынын он бири, 2019 193

Баракелде -  Мэрияга караштуу «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын жумушчусун оюнчук тапанча менен башка чапкан жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь райондук соту кечээ, 10-июлда шектүү — 1993-жылы туулган Ж.У.ну убактылуу кармоочу жайга (СИЗО-1) 1 айга киргизүү чечимин чыгарган. Ал жол оңдоп жаткан кызматкерди себепсиз башка чапкан.

«Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу оңдоо иштери менен алектенип жатканда шектүү жол тандабастан түшүп, сөгүнүп, аны тапанча менен башка чаап, өзү качып кеткени аныкталды. Шектүү 8-июлда кармалган. Ал эми оюнчук тапанчаны өз эрки менен милицияга өткөрүп берди», - деп айтылат маалыматта.

Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жабырлануучу — 1990-жылы туулган О.К. башынан жаракат алып, ооруканада жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком