07:46, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Германиянын соту Бишкекте төрөлгөн жаранды 2 жылга шарттуу кести

На русскомEnglish
10:56, 11 теке 2019 133
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Германияда Кыргызстанда төрөлгөн Алекс аттуу жаран Донбасстагы согушка катышканы үчүн күнөөлүү деп табылды. Ал Германиянын жарандыгын алган.

«Deutsche Welle» басылмасынын маалыматы боюнча, ал 2016-жылы кармалып, ага карата өкүм кечээ, 10-июлда чыкты. Сот отурумунун жыйынтыгында Алекс 2 жылга шарттуу түрдө кесилди.

«Германиянын жарандарына мыйзам боюнча чет өлкөлөрдөгү аскердик жаңжалдарга катышууга тыюу салынат. Анын Донбасста колуна автомат кармап, танканын, аскер формасын кийген адамдардын жанында түшкөн сүрөттөрү кылмыш иштин материалына кошо тиркелген. 24 жаштагы Алекс 2 жыл бою жаңжал талаасында эмне иш менен алектенгенин тактоого мүмкүн болгон жок. Бул аны түрмөдөн куткарып калды», - деп айтылат басылманын маалыматында.

Алекс 1975-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Ата-энеси 1995-жылы, ал эми өзү 2001-жылы Германияга көчүп барган. Ал буга чейин Германияда зордуктоо, сабоо, опузалап талап кылуу боюнча соттолгон.

«2014-жылы август айында Россия аркылуу Украинага барган. Алекстин атасы украин болгондуктан жаңжалды жүрөгүнө жакын кабыл алып, жардам берүүнү "жарандык милдети" деп эсептеген. Алекстин айтымында, жаңжал зонасында көргөн окуяларды тынчтыкта жашагандар керек болсо элестете албайт», - деп жазды басылма.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком