07:47, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Видео: Чүйдө 47 жаштагы адам жер төлөдө кара куурай өстүрүп жүргөн

На русском
09:27, 11 теке 2019 375

Баракелде -  Чүй облусунда 47 жаштагы адам үйүндө кара куурай өстүрүп жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Кызматкерлер жергиликтүү жашоочунун батиринин жер төлөсүн текшерип, шкаф сыяктуу жасалган каалганы байкашкан.

«Ал жерде баңгизат (марихуана) өндүрүү жана өстүрүүгө ылайыкталган бөлмө болгон. 21 түп кара куурай табылып алынды. Аны сатуу үчүн даярдап жаткан. Учурда бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми булактардын маалыматы боюнча, шектүү бошотулду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком