07:48, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте дайынсыз жоголгон 5 жаштагы бала табылды

На русском
08:14, 11 теке 2019 164

Баракелде -  Свердлов РИИБдин балдар менен иштеген инспекциясынын кызматкерлери жоголуп кеткен баланы «Дордой» базарынан табышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 10-июлда болжол менен саат 15:00 чамасында Свердлов РИИБге «102» кызматы аркылуу 5 жаштагы бала Келечек конушундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып барбаганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Свердлов РИИБдин тиешелүү кызматкерлери жүргүзгөн издөө иш-чараларында жоголуп кеткен 5 жаштагы бала "Дордой" базарынын аймагынан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком