23:14, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Көкөмерендеги өлүм: Молдакун Абдылдаевдин жубайынын денеси табылды

На русском
19:22, 10 теке 2019 11305

Баракелде -  Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусуна кулаган унаанын дагы бир жүргүнчүсүнүн денеси табылды. Ал Молдакун Абдылдаевдин жубайы экенин кызы Индира бүгүн, 10-июлда социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялады.

Ал: «Азыр эле апамдын денесин табышты», - деп жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Только,что тело моей мамочки нашли ????????????????

Публикация от ??? (@indira_567)10 Июл 2019 в 5:17 PDT

Ал эми ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн издөө иштерин жүргүзүү үчүн 102 куткаруучу тартылып, саат 17:20да Жумгалдагы Арал айылынан 2 чакырым ылдый Көкөмерен дарыясынан аял кишинин жансыз денеси табылган. Учурда дагы бир адамды издөө иштери улантылып жатат.

Буга чейин акыркы сапарга жээн небереси менен бирге узатылган Молдакун Абдылдаевдин (өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси) кызы Индира издөө иштерине көп күч жана дрон сыяктуу техникалар зарыл болуп жатканын айтып, элден жардам сураган.

«Ыктыярчылар, дрон жана аны колдоно алган адамдардын жардамы керек. Апам менен инимди табууга жардам бериңиздер», - деп жазган Индира.

30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору.

- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

Айдоочу менен М.Абдылдаевдин денеси 2-июлда, жээн небересинин денеси 4-июлда табылып, акыркы сапарга узатылды.

Молдакун Абдылдаев менен жубайы Тинатин Шадыканова 2 кыз, 1 уулду (эң кичүүсү) өстүрүшкөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком