07:44, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Алмазбек Атамбаев кайрадан суракка чакырылды

На русскомEnglish
19:13, 10 теке 2019 3144

Баракелде -  Алмазбек Атамбаевди кайрадан ИИМдин Тергөө кызматына күбө катары суракка чакырышты. Бүгүн, 10-июлда аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана участкалык кызматкер анын Кой-Таштагы үйүнө барышты.

Алардын айтымында, чакыруу кагазын Нурбек Айтиевге тапшырышты. Анда Атамбаев Тергөө кызматына 11-июлда эртең менен барышы керектиги жазылган.

Болжолдуу маалымат боюнча, сурак «Мыйзамдагы ууру» аталган Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу.

------------------------------------------------------

Буга чейин Алмазбек Атамбаев суракка чакырылып, чакыруу 8-июлда А.Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жеткирилген.

Кагазды КСДПнын өкүлү Таалай Усубалиевге аймактык милиционер тапшырган. Чакыруу кагазында Атамбаев тергөө башкармалыгына 9-июлда эртең менен барышы керектиги жазылган.

Кийинчерээк Алмазбек Атамбаев бул боюнча комментарий берип, суракка барбай турганын айткан.

«Мен эмне үчүн ИИМге барышым керек? Жада калса бул кагазды колума да албайм, анткени бийлик укук талаасына кириши керек», - деген А.Атамбаев.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком