05:56, 14 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Сооронбай Жээнбеков менен Швейцариянын президентинин расмий жолугушуу аземи

На русском
17:44, 10 теке 2019 186

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бир күндүк расмий иш сапары менен Швейцария өлкөсүндө жүрөт.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында Сооронбай Жээнбеков менен Швейцариянын президенти Ули Маурердин расмий жолугушуу аземи башталды. Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, ардактуу кароол тизилген.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң мамлекет башчылары тар курамда сүйлөшүүлөргө бет алышты. Андан соң жолугушуу кеңейтилген курамда уланат.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйындын улуттук кеңешинин төрайымы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын төрагасы Томас Йордан менен жолугушат. Өлкө башчы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат. Ал жолугушууга Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.



Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком