18:45, 21 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

4 жылдык жаза: Бурятияда өзүн табып деп атаган кыргызстандык аял миллиондогон акча тапкан

На русском
13:50, 10 теке 2019 1759
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Буратиянын Улан-Удэ шаардык соту Кыргызстандын жаранын (аял киши) 4 жылга эркинен ажыратты. Ал алдамчылыкка айыпталып кармалганын «Московский комсомолец-Улан-Удэ» басылмасы жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, соттолгон аял өзүн табып (элдик дарыгер) деп атап, жашоочуларды алдап жүргөн. Ал бардык оорудан сакайтууну убадалап, акча алган.

«Бир жылдын ичинде (2015-жылдын мартынан 2016-жылдын мартына чейин) "ишкер айым" жашоочулардан 4,5 млн рублдай акча алган», - деп айтылат маалыматта.

Ага карата алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иш козголгон. Соттук процесс учурунда алдамчылык боюнча 9 факт аныкталып, айыпталуучу түзөтүү абагына 4 жылга кесилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком