23:18, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Боюмда барда күйөөм аял алып, кайра ажырашыптыр»: Түркияда иштеп жаткан Жибектин тагдыры (сүрөт)

14:42, 10 теке 2019 10088
Жибек Мелисова
Жибек Мелисова

Баракелде -  25 жаштагы Жибек Мелисова башынан өткөргөн окуялар кимдир бирөөгө сабак болот деп ойлойт. Ал турмушка чыгууга шашпай, саякаттоону, өзүңдү өнүктүрүүнү жана өзүң үчүн жашоону сунуштайт. Тагдырдын сыноосуна сынбай, өткөн жашоосуна өкүнбөй, кичинекей кызы үчүн жашап жаткан Жибек менен Limon.KG басылмасы маектешти.

Кытайдагы окуумду токтотуп, Москвага бардым

Кемин районунда төрөлүп, 5 жашка чыкканда борбор шаарга көчүп келдик. Апам буга чейин акушер-гинеколог болуп иштеди, учурда процедуралык бөлмөдө (массаж жана башка кызматтар көрсөтүлөт) эмгектенип жатат. Ал эми атам менен агам жеке ишкерлик менен алек. Агамдын үй-бүлөсү жана 2 уулу бар. Сиңдим 21 жашта.

жибек1

Бала чагымдан бери бий менен алектендим. Мектепте өзүмө жаккан гана сабактарды окучумун. Алгебра, химия жана геометрия мен үчүн анык тозок болчу (күлүп). Мектепти аяктагандан кийин Кытайдын Гуйлинь шаарына барып, кытай тилин үйрөндүм. Албетте, алгач оор болду. Үйдү сагындым, кытай тилин үйрөнүү кыйын болду, бирок акырындык менен досторду таап баштадым. Тилекке каршы үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу бир жылдан кийин окуумду токтотууга туура келди.

Окуумду аяктабай калгандыктан эл эмне дейт деп 19 жашымда Москвага иштегени бардым. Ошондой эле өз алдымча жашап көнүп калгандыктан ата-энеме жардам берүүнү кааладым. Мени апамдын туугандары тосуп алып, алгач алар менен жашап жүрдүм. Москвага бат эле көнүп кеттим, жумушта эч кандай маселе болгон жок. 1,5 жыл тейлөөчү (официант) болуп иштедим. Москва мени жакшы чыйралтты — досторду таап, кайра жоготтум, мени «сатып» кетишкен, такыр акчам жок калган учурлар да болду. Алсыздыгымды, көз жашымды жана көйгөйлөрүмдү көрсөткүм келбейт. Чет өлкөдө жүргөндө ата-энеме да көйгөйлөрүм тууралуу айтчу эмесмин.

жибек5

Алгачкы сүйүү

Москвада иштеп жүргөндө кесиптешим колдоо көрсөтүп, экөөбүз кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык. Алгачкы жолу олуттуу мамиле куруп, биринчи сүйүүмдү жолуктурдум. Экөөбүз баш кошууну чечип, ал мени Москвада жашаган туугандары менен тааныштырды. Бир жылдан кийин мага Пекинде иштөөнү сунушташты. Мындай мүмкүнчүлүктөн баш тартуу оор болду, анткени Кытайда жашоону кыялданчумун. Бир жылдан кийин кайтып келип, баш кошобуз деген шарт менен кеттим. Бирок тагдырдын башка пландары бар экен…

Экөөбүздүн мамилени сактап калуу оор болду, бат-баттан урушуп жүрдүк. Бирок ал мени күтүп, ата-энелерибизди тааныштырып, тойго даярданып баштадык. Ал тойго жакын жоголуп кетти. Ата-энеме бул тууралуу айтуудан уялып жүрдүм. Алар мага сеп камдап коюшкан эле. Атам эч нерсе билгизбегени менен апам ал үчүн Пекиндеги жумушумду таштаганым үчүн тилдеди. Бирок апам мага колдоо көрсөтүп, депрессиядан курбуларым алып чыкты.

Турмуштун түйшүгү

Мурунку жолдошум менен Москвада иштеген досум тааныштырган. Кийинки күнү мени жолугушууга чакырып, андан кийин апам менен таанышты. Ал бир айдын ичинде апама, агама жана курбуларыма жагып калды. Ал эмне менен алектенгенин билчү эмесмин, компаниянын башкы директору экенин айткан. Жумушка барганын көргөн эмесмин. Бир айдан кийин апасы менен тааныштырды, ал керек болсо атымды сураган жок. Жеңеме дароо эле келечектеги кайын энем жакпаганын айттым. Бирок ал мени тынчтандырып койду.

Кыргыздын салты менен баш кошуп, күзүндө той бердик. Алгачкы күндөрдөн тартып эле кайын энем экөөбүздүн мамилебиз жакшы болгон жок. Жолдошум үйгө алып келгенде ал чыккан эмес, мага жоолукту аяш апам салган. Саат алтыда туруп, короо шыпырып, кышында от жагып жүрдүм. Ал жолдошума мага көмөктөшүүгө уруксат берчү эмес. Чынын айтсам тамак жасаганды билчү эмесмин. Жолдошум жумуштан кеч келип, мен кайын энем менен калчумун. Ата-энем менен телефон аркылуу сүйлөшүүдөн коркчумун. Стресстен улам боюмдан түшүп калды. Бул учурда өзүмдүн ата-энем гана колдоо көрсөттү. Ошондой эле кайын эжем мени колдоп, менин тарабымда болду.

жибек

Жолдошум мен кеткенде үйлөнүп, кайра ажырашыптыр

Ата-энемдин үйүнө кетип калдым. Эки жумадан кийин жолдошум «өзүнчө жашайбыз» деп алып кетти. Муну уккан кайын энем жаңжал чыгарып, мени, ата-энемди күнөөлөдү. Аны менен чогуу жашоого макул болуп, бирок иштейм деген шарт койдум. Кайын энем иштөөмө макул болгон жок. Кайним Россиядан келгенде жашоом жеңилдей түштү. Ал мага жардам берүүгө аракет жасачу.

Жолдошум мага болушпаганы менен дайыма жакшы мамиле жасачу. Жолдошум башкалар менен жазышып жүргөнүн билдим. Боюмда барда кетип калдым. Жумушка орношуп, батирге чыктым. Көз жарарда жолдошум пайда болуп, кечирим сурап баштады. Аны менен чогуу жашоого макул болуп, төрөгөндөн кийин алып кетти. Бардык кыйынчылыктарга чыдадым. Өзүмдүн үйүмдө жүргөндө ал экинчи жолу үйлөнүп, кайра ажырашууга жетишиптир. Мага экинчи аялы кайын энеси себин бербей жатканын айтып жазды. Шок болуп, кызым менен кетип калдым.

жибек6

Учурдагы жашоом

Алгач иштебегендиктен оор болду. Ата-энеме жана агама абдан ыраазымын. Бир жылдан кийин кызымды бала бакчага берип, жумушка чыктым. Жолдошум ажырашпай, алимент төлөбөгөнгө аракет жасады. Ал үчүнчү жолу үйлөнгөн. Аны менен ажыраштым.

Учурда Түркиядамын, келгениме 4 ай болду. Аниматор болуп иштеп жатам. Ал эми кызым ата-энемдин жанында, күндө видео чалуу аркылуу сүйлөшөбүз. Кызым — жашоомдогу башкы стимул.

Өткөн жашоомо өкүнбөйм. Ар бир жаңы күнгө кубанып, жашап жатам. Эми жашоомдо мындай каталарды кетирбейм. Учурда мурунку жолдошумдун уулу бар. Ал өзүнүн жашоосу менен жашасын. Анын экинчи жана үчүнчү аялы менин социалдык тармактагы баракчама жазылышкан. Менин жашоомо кызыгышат окшойт (күлүп).

жибек8

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком