08:36, 18 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Азиз Батукаевдин иши: Абактагы дарыгер бутунун оорусуна арызданган жок, - Кыйноолорду алдын алуу борбору

На русском
11:16, 10 теке 2019 101
Ирина Цопова
Ирина Цопова

Баракелде -  №1 абакта кармалып турган биолог Ирина Цопова бутунун оорусуна арызданган жок. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Кечээ, 9-июлда И.Цопова укук коргоочуларга арыз жазып, анда №1 абактын кызматкерлери менен дарыгерлерине эч кандай дооматы жок экенин белгилеген.

«Мен, Цопова Ирина Александровна, №1 абактын кызматкерлери менен дарыгерлерине доом жок. Учурда оң бутумдагы гипс алынып, өз алдынча басып калдым. Абалым жакшы», - деп жазды ал.

Буга чейин ал керебеттен түшүп жатып тайгаланып, оң бутун кайрып алган. Ал эми түшүнүк катында администрацияга доосу жок экенин айткан.

Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Кыргыз улуттук гематология борборунун кызматкерлери Эмил Макимбетов менен Ирина Цопова Азиз Батукаевдин иши боюнча 6-майда кармалган. Аларга карата баш коргоо чарасы тандалып, 16-августка чейин №1 абакта калтырылган.

------------------------------------------------------

Азиз Батукаев «Мыйзамдагы ууру» катары таанымал. Ал 2006-жылы 3-августта Аламүдүн райондук соту тарабынан мүлкүн конфискациялоо менен 16 жыл, 8 ай, 15 күнгө эркинен ажыратылган. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин, ЖАМКтын башчысы Икматулла Полотовдун жана 2005-жылы октябрь айында өлтүрүлгөн парламенттин 2 кызматкеринин өлүмүнө айыпталган болчу.

Батукаев жазасын Нарындагы СИЗО-4 мекемесинде өтөп жатканда бошотулган. Бирок ал жазасынын жарымын гана өтөгөн, тактап айтканда дагы 8 жыл, 3 ай жана 7 күн жаза өтөмөк.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком