03:13, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020250 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020140 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?

Бишкекте 29 жаштагы жигит велосипед уурдап жүргөн (сүрөт, видео)

На русском
10:57, Теке айынын ону, 2019 185

Баракелде -  Бишкек шаарында велосипед уурдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Октябрь РИИБге 4-майда борбордун жашоочусу арыз менен кайрылып, 13 миң сомго бааланган велосипедин уурдап кетишкенин билдирген. Анын айтымында, окуя 4-майда 10-кичи райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурдоо) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1990-жылы туулган К.А. кармалды. Ал буга чейин уурулук боюнча бир нече жолу соттолгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 9 велосипед табылып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

«Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком