11:54, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020
11:47, Үчтүн айынын жыйырмасы, 20209 Сүрөт — Көл жээгиндеги чөнтөк сымал Тоң айылы
11:43, Үчтүн айынын жыйырмасы, 202031 Өнүгүү жолундагы Каракол. Сүрөт
Учурда окулуп жатат
10:28, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (92 адам окуп жатат)
Видео — Кочкордо бир баштуу эгиз козу туулду
10:46, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (60 адам окуп жатат)
Ала-Букада РИИБдин эки кызматкери пара менен кармалды
10:45, Үчтүн айынын жыйырмасы, 2020 (10 адам окуп жатат)
Сүрөт: Президент С.Жээнбеков төкмө акын А.Туткучевдин концертине барды

4 жигиттин өлүмү: Милиция Бишкек шаардык кеңештин депутаты жабыркаган кырсыктын күбөлөрүн издейт

На русском
10:05, Теке айынын ону, 2019 3763

Баракелде -  Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө 4 адам каза болуп, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков жабыркаган кырсыктын күбөлөрүн издеп жатат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын бардык жагдайларын иликтеп, так жана объективдүү тергөө иштерин жүргүзүү үчүн күбөлөрдү кызматташууга чакырышат.

Окуя 7-июлда саат 04:30 чамасында Чолпон-Ата шарынын аймагында болгон. «Лексус ЕS330» жана «БМВ Х7» үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен 2 адам ошол жерде, дагы экөө ооруканада каза болгон. Маркумдар (болжол менен 24 жаштагы жигиттер) «Лексус ЕS330» унаасында бара жаткан.

«БМВ Х-7» унаасы 1994-жылы туулган Т.Т.га тиешелүү экени, окуя болгон учурда досу башкарып жүргөнү айтылган. Бул унаадагы адамдар жаракат алган.

Бишкектеги травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков АКИpress агенттигине 2 жабырлануучунун ысымдары К. жана Т. экенин билдирди. Жабырлануучу Т. — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков болушу мүмкүн. Дарыгердин айтымында, жабырлануучулардын баш мээси чайкалган.

Темирлан Токобеков Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен байланыш номуру: (0312) 63-09-00; 63-09-01

Ысык-Көл ОИИБ: (03922) 5-45-05; 5-45-50.

Ысык-Көл ОИИБдин Тергөө кызматы: (03922) 5-15-55; (0312) 29-40-10; 0705-75-59-88.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком