23:17, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сауд Арабиянын канбийкеси жумушчуга зомбулук көрсөткөн деп айыпталууда

На русскомEnglish
09:44, 10 теке 2019 193

Баракелде -  Сауд Арабиянын канбийкеси Хасса бинт Салман аль Сауд Франциянын сотунда жооп берет. Ал курал колдонуу менен зомбулук көрсөтүүгө айыпталып жатканын кечээ, 9-июлда «Al Jazeera» жазды.

Париждин соту Сауд Арабиянын мураскер канзаадасынын эжеси Хасса бинт Салман жана анын жан сакчысы Рани Саудинин ишин карап баштады. Алар 2016-жылы падышанын кызынын үйүн оңдогон египеттик Ашраф Идди (сантехник) мазакташкан.

«Айыптоочулар канбийкени 6 айга шарттуу кесип, 5 миң евро айып салууну талап кылышкан. Ал эми жумушчунун айтымында, канбийкенин жан сакчысы аны сабап, байлап, бутун өбүүгө мажбурлаган. Сантехник жуунучу бөлмөдө жумуш жасалганга чейинки жана жасалгандан кийинки жыйынтыкты сүрөткө тартып жаткан. Франциядагы кымбат батирдин ээси — канбийке ага ишенбей ит деп атап, ал өлүмгө татыктуу экенин айткан. Ал сүрөткө өзү да түшүп калганын жана жумушчу ал сүрөттү сатууну пландаганын билдирген», - деп айтылат маалыматта.

Бул окуядан кийин Хасса Франциядан чыгып кетип, эл аралык издөөгө алынган. Болжолдуу маалымат боюнча, ал Сауд Арабияга кайтып барган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком