02:48, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Атайын операция: 19 жаштагы жигит 3,5 млн сомдук баңгизат сатууга аракет жасаган (сүрөт)

На русском
08:46, 10 теке 2019 284
// Пресс-служба СБНОН МВД

Баракелде -  Баңгизат ташыган улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топту аныктоо жана кармоо үчүн эл аралык атайын операция жүргүзүлдү. Ага ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Россиянын ИИМнин Баңгизаттарды жүгүртүүнү көзөмөлдөө кызматы жана Казакстандын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Уюшкан топ ишмердүүлүгүн Кыргызстан, Казакстан жана Россиянын аймагында жүргүзүп келген. Алар Telegram мессенжери аркылуу баңгизат жана психотроптук заттарды сатып жүрүшкөн.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалыматында: «Аталган уюшкан топ кылмыш жолу аркылуу табылган акча каражаттарын Bitcoin криптовалютасы аркылуу жашырышкан. Андан кийин акча банктагы эсептерге которулуп, банк карталарда, электрондук капчыктарда жана электрондук төлөө системасында топтолгон», - деп айтылат.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө жалпы салмагы 1 кг жана 12 грамм психотроптук зат («Флакка») табылып алынды. Аталган зат сатылса кылмыштуу топтун капчыгы 3 500 000 сомдго акчага толукталмак.

Баңгизат сатууну уюштургандардын бири — Бишкектеги кароосуз калган балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун тарбиялануучусу кармалды. Ал 2000-жылы Өзбекстанда төрөлгөн З.А.С. экени такталды.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоого багытталган иш-чаралар жүрүп жатат. Ошондой эле психотроптук заттарды ташуу каналы аныкталып, баңгизат жүгүртүү менен алектенген топту жок кылуу аракеттери көрүлүүдө.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком