21:46, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт: Кара-Көлдөгү жол кырсыктан 2 адам каза болуп, алтоо жаракат алды

На русском
22:50, 9 теке 2019 2298
авария, унаа кырсык
авария, унаа кырсык

Баракелде -  Бишкек-Ош жолунун Кара-Көл шаарындагы тилкесинде жол кырсыгы болуп, 2 адам көз жумду. Дагы 6 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алганын Turmush басылмасынын кабарчысына маалымдашты.

Жол кырсык бүгүн, 9-июлда саат 15:20 чамасында Бишкек – Ош жолунун 379-чакырымында болду. Сегиз киши "Фольксваген" үлгүсүндөгү унаада Майлуу-Суу шаарынан Бишкекти көздөй бара жатышкан. Жол кырсыгынан алардын алтоо жаракат алып, шаардык ооруканага жеткирилген. Эки жүргүнчү оор жаракаттын кесепетинен көп узабай каза болгон.

Бул унаа менен кагышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусу Б.А. Бишкек шаарынан Ошту көздөй бараткан. Айдоочулардын абалы жакшы. Бурулуш жерден болгон кырсыктын себебин аныктоо боюнча экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком