07:49, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түндө бычак, тапанча көтөргөн жаш жигиттер дүкөндү тоношкон (сүрөт)

На русском
20:35, 9 теке 2019 107

Баракелде -  Бишкектеги Свердлов РИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери каракчылык кылмыштын бетин ачышты, деп билдирди ШИИБдин басма сөз кызматы.

8-июлда түнкү саат 03:00 чамасында азиат түспөлүндөгү адамдар бет кап кийип алып, Элебесов көчөсүндөгү дүкөнгө киришкен. Алар сатуучуну бычак жана тапанча менен коркутуп, кассадан 7 миң сомду алгандан кийин качып кетишкен.

Тергөө иштери Жазык кодексинин 202-беренесинин (каракчылык) негизинде башталып, көп узабай шектүүлөр аныкталды.

Шектүүлөр — Жалал-Абад облусунда 1998-жылы туулган М.И., Талас облусунда 2001-жылы туулган Б.М. кармалган учурда алардан пневматикалык тапанча алынган. Алар убактылуу абакка киргизилди.

Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси текшерилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком