15:09, Бирдин айынын он жетиси, 2020
14:16, Бирдин айынын он жетиси, 202043 Эскертүү: Унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар
Учурда окулуп жатат
13:01, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (80 адам окуп жатат)
Блогер «Sydyman» камакка алынды
12:18, Бирдин айынын он жетиси, 2020 (23 адам окуп жатат)
Ат-Башыдагы митингге атчандар дагы келишти. Сүрөт

Быйыл коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка 15 мектептин жаңы имараты курулат

17:01, Теке айынын тогузу, 2019 143
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бул жылы Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн 799,3 млн сом бөлүндү. Финансылык каражаттар коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозиттик эсептен бөлүнөрүн президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бир нече мектептерге барып, алардын абалы менен таанышып, коррупция менен күрөшүүдөн атайын эсепке келип түшкөн каражаттарды Бишкек жана Ош шаарларында жаңы мектептерди курууга же орто мектептердин имараттарына кошумча корпустарды курууга багытталарын убада кылган болчу.

«2019-жылдын июлунан тарта республикалык бюджеттен каржылануучу мектептерди курууну Бирдиктүү депозиттик эсептен каржылоо ачылган. Биринчи траншы 15 млн сомду түзөт.

Быйылкы жылы каржылануучу билим берүү мекемелеринин тизмеси бекитилген жана республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар беренеси боюнча каржылоонун көлөмү көбөйтүлгөн.

Финансы министрлиги каржыны өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак жай-жарандык курулуш департаментинен келип түшкөн өтүнмө боюнча берет. Каражаттар ведомстволор аралык комиссиянын анализинин жыйынтыгы боюнча аныкталган мектептердин кошумча корпустарын курууга багытталат», - деп айтылат маалыматта.

Кошумча имарат курула турган мектептер:

Бишкек шаары: №12 мектеп-гимназия, № 69 комплекс-гимназия, №54 орто мектеп, № 18 орто мектеп, №59 орто мектеп, №72 мектеп-гимназия, №16 орто мектеп.

Чүй облусу: Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы мектеп, Төмөнкү Ала-Арча мектеби, Кашка-Суу айылындагы Т.Актанов атындагы мектеп, Новопокровка айылындагы № 2 Баранов атындагы мектеп.

Ош шаары: № 7 Нариман мектеп-гимназиясы.

Президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон. Ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком