23:17, 22 теке 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Түркиядагы кыргызстандык жигиттин өлүмү: Эки адам камакка алынды (видео)

На русском
16:11, 9 теке 2019 1058

Баракелде -  Түркияда полиция тарабынан 23 жаштагы кыргызстандык жигиттин өлүмү боюнча жалпы 4 адам кармалды. Бул тууралуу «Haberler.com» басылмасы жазды.

7-июлда Аланья шаарынын аймагында 23 жаштагы М.И.ге тапанчадан ок атылып, ал ошол жерде каза болгон. Кийинчерээк полиция кызматкерлери шектүү катары 40 жаштагы А.Ы.ны кармашкан. Ал эми кечээ, 8-июлда тергөө иштеринин жүрүшүндө дагы 3 адам — С.К., А.Г. жана П.С. кармалган. А.Ы.га адам өлтүрүү, С.К.га каракчылык беренеси боюнча айып тагылды. Ал эми А.Г. менен П.С. соттук көзөмөлдүн негизинде бошотулду.


Кийинчерээк Turmush басылмасы маркум жигит Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну болгонун, үйлөнгөндөн кийин Түркияга кеткенин жазды.

Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү Кызыл-Эшме орто мектебинин директору Жамила Эрмекбаева: «И.у.М. биздин мектепте жакшы окуган окуучулардын бири болчу. Мектепти бүтүргөндөн кийин Ошто фотограф болуп иштеп жүрдү. Ноокаттык кызга үйлөнүп, Түркияга кеткенине 1 айдан ашыптыр. Азырынча сөөгүн өлүкканадан чыгаруу кыйын болуп жатыптыр деп уктук. Жакындары, ата-энеси каза болгонун угушту», - деген.

Маркумдун үйлөнгөнүнө 5-6 ай болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком