06:01, 26 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдун бир бөлүгү тез жардам унааларын сатып алууга жумшалат, - өкмөт

На русском
11:52, 9 теке 2019 74

Баракелде -  Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорунун «Коопсуз шаар» компонентин ишке ашыруунун алкагында аппараттык-программалык комплексти колдонуу менен жолдо жүрүү эрежелерин бузуу үчүн өндүрүлгөн айып пулду пайдалануу тартибин бекитүү жөнүндө токтомго өзгөртүүлөрдү киргизди. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт долбоордун алкагында айдоочулар жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузганы үчүн өндүрүлгөн айып пулдун бир бөлүгү медициналык тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшайт.

Документке ылайык, аталган долбоордо кызыкдар тараптардын бардыгына каражат бөлүштүрүлгөндөн кийин Каржы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 пайызы өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулат. Ошондой эле медициналык тез жардам унааларын алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком