10:04, 22 жетинин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул
Учурда окулуп жатат
14:33, жетинин айы 21 2019 (5 адам окуп жатат)
Ошто айдоочу жаш жубайынын колунан ажал тапты

Тажикстанда нандан ууланып каза болгон камактагылардын биринин жансыз денесинин сүрөтү

На русскомEnglish
10:21, 9 теке 2019 1104

Баракелде -  Кечээ, 8-июлда Тажикстанда нанга ууланып каза болгон камактагы адамдардын жансыз денеси туугандарына берилип баштаганын жергиликтүү «Ахбор» басылмасы билдирди.

Маалыматтарга караганда, социалдык тармактарда 7-июлда Худжанд жана Истаравшан шаарларындагы абактан Дүйшөмбү, Нурек жана Явандагы түрмөгө которууда каза болгон камактагы 14 адамдын бири — Багалак айылынын 43 жаштагы тургуну Валиджон Одинаевдин акыркы сапарга узатууда тартылган эки сүрөтү пайда болду. «Жарыяланган сүрөттөн Одинаевдин бети шишип калганын көрүүгө болот», - деп айтылат маалыматта.



ValijonOdinaev1

Буга чейин Тажикстандын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы камактагы адамдардын өлүмүнө нандан уулануу себеп болгонун маалымдаган. Маалыматтарга караганда, абактагы адамдар салынган унаа күзөтчүлөр тобунун коштоосу менен Худжанд шаарынан саат 12:45те чыгып, Дүйшөмбү шаарына саат 18:20да жеткен.

«Белгиленген нормативге ылайык, унаа жолдон алты жолу токтогон. Варзоб районундагы Майхура аймагында камактагы 16 адамга адаттагыдай эле нан таркатылып берилген. Андан кийин 024ВА01 мамлекеттик номурдагы унаада бара жаткан 16 адамдын башы айланып, кусуп баштаган. Саат 18:20да унаа Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесине чыкканда нан жеген адамдардын абалы оорлоп, 16 адам эс-учун жоготкон.

Ал эми саат 18:25де тез жардам кызматынын атайын бригадасы Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесине жеткирилген. Дарыгерлер ууланган 16 адамдын ичинен экөөнүн өмүрүн сактап калышты», - деп айтылган маалыматта.

14 адамдын өлүмүнө алып келген уулануу фактысы боюнча Тажикстандын Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, атайын тергөө тобу түзүлгөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком