07:49, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкек шаардык кеңештин депутаты 3 адам каза болгон кырсыктан жаракат алды

На русскомEnglish
10:12, 9 теке 2019 365

Баракелде -  Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков Ысык-Көл облусунун аймагында 3 адам каза болгон жол кырсыктан жаракат алды.

Буга чейин Turmush басылмасы аталган жол кырсык тууралуу жазган. Окуя 7-июлда саат 04:35 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 82-чакырымында болгон. Ат майдандын жанынан «БМВ Х-7» унаасы «Лексус 300» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

3 жаш жигиттин өмүрүн алган кырсык: Айдоочу досунун жол тандабасын айдап жүргөн

Кырсыктын кесепетинен «Лексус 300» унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү — Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургундары Д.Н. жана Б.Б. каза болгон. «Лексус» унаасындагы дагы бир жүргүнчү — Ош шаарынын тургуну К.Б. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

«БМВ Х-7» унаасы 1994-жылы туулган Т.Т.га тиешелүү экени, окуя болгон учурда досу башкарып жүргөнү айтылган.

Бишкектеги травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков АКИpress агенттигине 2 жабырлануучунун ысымдары К. жана Т. экенин билдирди.

Жабырлануучу Т. — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков болушу мүмкүн. Дарыгердин айтымында, жабырлануучулардын баш мээси чайкалган.

Темирлан Токобеков Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Азырынча жаракат алган тарап менен байланышуу мүмкүн боло элек.

Жол кырсык болгон жерден сүрөттөр:

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком