07:45, 25 баш оона 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте жол тандабас «Мазда» менен кагышкандан кийин токтоп турган унааны сүздү

На русском
10:08, 9 теке 2019 128
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Бишкек шаарындагы жол кырсыктан эки адам жабыркады. Окуя кечээ, 8-июлда саат 23:50 чамасында болгонун ШИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 22 жаштагы М.И.нин башкаруусундагы «Мазда Демио» Чүй проспектиси боюнча чыгыш тарапка бара жатып «Тойота RAV4» унаасы менен кагышкан. Экинчи унааны 24 жаштагы Ж.О. башкарып бара жаткан.

«Андан кийин "Тойота" жолдун четинде токтоп турган "Даймлер Крайслер" унаасын сүзүп токтогон. Жол кырсыктын кесепетинен "Тойотанын" айдоочусу жана 24 жаштагы жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага кайрылган», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми унаалар айып короого киргизилип, топтолгон материалдар Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком