21:45, 20 тогуздун айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Көкөмерендеги өлүм: Молдакун Абдылдаевдин кызы апасы менен инисин табууга жардам сурайт

08:56, 9 теке 2019 3104
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жайыл районунун аймагынан Көкөмерен суусуна кулаган унаанын 2 жүргүнчүсү табыла элек. Учурда эне-баланы издөө иштери улантылып жатат.

Акыркы сапарга жээн небереси менен бирге узатылган Молдакун Абдылдаевдин (өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси) кызы Индира издөө иштерине көп күч жана дрон сыяктуу техникалар зарыл болуп жатканын айтып, элден жардам сурады.

«Ыктыярчылар, дрон жана аны колдоно алган адамдардын жардамы керек. Апам менен инимди табууга жардам бериңиздер», - деп жазды Индира.

30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

- 1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

- Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору.

- Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

- Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

- Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев [тууган эмес, фамилиясы окшош].

Айдоочу менен М.Абдылдаевдин денеси 2-июлда, жээн небересинин денеси 4-июлда табылып, акыркы сапарга узатылды.

Молдакун Абдылдаев менен жубайы Тинатин Шадыканова 2 кыз, 1 уулду (эң кичүүсү) өстүрүшкөн.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком